Воскресенье, 24 ноября

Абактагы Атамбаевдин акыбалы кандай?

0

Депутаттар Ирина Карамушкина, Карамат Орозова жана Асель Кодуранова мурдагы президент Атамбаевди УКМКнын абагына барып көрүп келишти. Бул тууралуу маалымат каражаттарына КСДП партиясынын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева маалымдады.
“Депутаттар жаңы эле УКМКнын имаратынан чыгышты. Алмазбек Шаршенович күчтүү адам, ал эч нерсеге арызданган эмес. Тескерисинче бизди чыйралтып, күчтүү болушубузду сураныптыр”, — деди Жолдубаева.
Ирина Карамушкина менен байланышканыбызда ал барып келгенин тастыктады. Айтымында, Атамбаевдин ден соолугу жакшы, маанайы ачык.
“Ал ушул убакыттын ичинде абактын китепканасында болгон китептин баарын окуп чыгыптыр. Спорт менен машыгып жатыптыр. Көрүнүшү да жакшы. Биз партиялаштары катары Алмазбек Шаршеновичти көрүп, кандай абалда кармалып жатканын билүүгө милдеттүү болчубуз”, — деди депутат.
Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Атамбаевге жубайы Раиса менен уулу Кадыр да жолугуп келишкен.
Атамбаев УКМКнын абагына 26-октябрга чейин камалган. Ага бир катар оор беренелер – киши өлтүрүү, укук коргоо кызматтарына күч колдонуу, массалык башаламандыкты уюштуруу жана коррупция боюнча айып тагылып жатат.
Учурда мурдагы президенттин адвокатынын Атамбаевди кармоодо тергөөчүлөрдүн мыйзамсыз аракети боюнча берген арызы каралууда. Ошондой эле алар мурдагы президенттин баш коргоо чарасын өзгөртүүгө да аракет жасашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз