Воскресенье, 24 ноября

Атын тарыхта калтырууну самагандар көбөйдү

0

Маданият жана маалымат министрлиги атактуу инсандарды эскерүү жана тарыхый окуялардын белгилениши туурасындагы жаңы мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты. Учурда ал коомдук талкууга коюлган.
Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары көзү өтүп кеткендерди түбөлүк эсте калтыруу максатында анын жакындарынын, жердештеринин, кайсы бир фонддордун, коомдук уюмдардын мамлекеттик мекемелерге кайрылуусу күчөгөн. Алар инсандардын аттарын көчөлөргө, мекемелерге, эстеликтерге, сейил бактарга ыйгарууну талап кылышкан. Ал эми мамлекет тарабынан белгиленген ар бир ат коюу, юбилей өткөрүүлөргө жумшалган каражаттар мамлекеттик казынадан каралат.
Белгилүү болгондой мындай иш чараларга жыл сайын 3 миллиондон 5 миллион сомго чейинки акча бөлүнөт.
Жаңы мыйзамда белгилүү адамдарын атын түбөлүккө калтыруу маселесин 10 жылдан кем эмес убакыттан, ал эми тарыхый окуяларды 5 жылдык мөөнөттөн кийин гана кароо сунушталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз