Воскресенье, 24 ноября

Таяк жегендердин жакындары Акүйдүн алдына митингге чыгышты

0

Бүгүн, 5-сентябрда саат 11:00дө Акүй алдында “Зөөкүрлөр жазасын алсын” деген аталыштагы митинг өтөт. Нааразычылык акциясы 28-августта канкорлордон таяк жегендердин туугандарын коргоо максатында уюштуруулуда.
Митингге чыккандар окуяны унутта калтырбай чыныгы кылмышкерлердин бети ачылышын, кылмышкерлердин кармалышын, аларды жашырган милициялардын жазалануусун бийликтен талап кылышты.
Үрөйдү учурган бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырган. Ошондой эле жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатында зарыл дары-дармектер менен камсыздоону бу йруган.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда эки жаш жигит ур-токмокко алынып, аёсуз сабалган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери кайдыгерлик мамиле жасап, жабырлангандарга жардам көрсөтүүнүн ордуна аларды ур-токмокко алгандар менен бейкапар сүйлөшүп турганы видео тасмага түшүп калган. Айрым маалыматтарга ылайык кылмыш кылгандар менен жерине келген күч кызматкеринин өкүлүнүн тууганчылыгы бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз