Укук коргоочу Рита Карасартова интернетти чектөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканы жана жакын арада коомдук талкууга чыгарылары тууралуу маалымат таратты.
Укук коргоочу менен байланышканыбызда ал учурда парламентте интернетти чектөө боюнча мыйзам долбооруна демилгечи болчу тарап изделип жатканын айтты. Баамдашынча бул Россиянын Яровой мыйзамындай эле болушу мүмкүн.
“Президенттин аппараты мыйзам долбоорун демилгелей албайт, ошондуктан азыр депутаттардын арасынан демилгечи изделип жатат. Эксперттер мыйзам долбоору Экономика министрлигинде даярдалса керек деген ойлорун айтышууда”, — деди укук коргоочу.
Рита Карасартова буга дейре да жаш балдарды зыяндуу контенттен сактоо максатындагы ушул сыяктуу мыйзам долбоору демилгеленгенин эске салды.
“Талкуу учурунда балдарды зыяндуу көрүнүштөрдөн коргой турган IT-адистер бары-жогуна кызыктык. Анткени, мыйзам долбоорго ойго келгендин баарын жазып койсо боло берет. Анын аткарылчу мүмкүнчүлүгүн да караш керек да. Бизге андай адистер жоктугун айтышты. Техникалык маселелерди адистерсиз эле мыйзам долбоорлору менен чечип коюу мүмкүн эмес”, — деди укук коргоочу.