Воскресенье, 24 ноября

Туризм өнүккөн жок

0

Кыргызстан туризм тармагындагы атаандаштык боюнча 110-орунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форумдун отчетунда көрсөтүлгөн. Алар 140 мамлекеттеги акыркы 2 жыл аралыгындагы туризмдин өнүгүшүн изилдеп чыгышкан.
КМШ мамлекеттеринин ичинен Казакстан 80-орунду ээлесе, Тажикстан 104-тизмеге илинген. Изилдөөдө мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен туризм тармагындагы атаандаштык боюнча Кыргызстан эң акыркы орунду ээлегени көрүнүп турат. Маселен: Орусия 39-орунга, Украина 78-орунга, Армения 79- орунга, Казакстан 80-орунга, Таджикистан 104, ал эми Кыргызстан 110-орунга илинген. Алдыңкы 10 тизмеге Франция, Германия, Япония, АКШ, Улуу Британия, Австралия, Италия, Канада жана Швейцария кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз