Воскресенье, 24 ноября

Атамбаев эмнеге өкүнөт?

0

Open Central Asia журналына берген маегинде мурдагы президент Атамбаев эмнеден ката кетиргенин анализдеген. Маек мурдагы президенттин камалаарына саналуу сааттар калганда алынганын белгилей кетели. Ал өзүнүн катачылыгынан улам өлкөнүн өнүгүүдөн калганын билдирген.
“Биз чындап эле мурдагы өкмөттөн башкаруунун классикалык парламенттик формасына өтүү ишин аягына чыгарбадык. Ал биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз болуп калмак. Биз жарым жолдо калып кеттик. Экинчиден, президенттик постко менин мураскерим катары барчу адамды – Сооронбай Жээнбековду жакшылап сынабаган экенмин, бул нерсеге көңүл бурбаптырмын. Ал үчүн абдан өкүнөм… Жыйынтыгында менин жаңылыштыгым өлкөнүн өнүгүүсүн жайлатып койду ”, — деген мурдагы президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз