Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм Департаментинде жетекчилик саналуу айлар мурда эле алмашкан. Департаменттин мурдагы жетекчиси Азамат Жаманкулов министрликке орунга кетип, ордуна Максат Дамир уулу 2018-жылдын ноябрь айында премьер-министрдин буйругу менен дайындалган. Андан көп өтпөй орун басар да жаңыланып, 2019-жылдын 12-мартында Нуржигит Кадырбеков келген.
Жетекчинин алмашканына жакында бир жыл болот. Кыргызстанда туризмдин төмөнкү көрсөткүчкө жеткени Департаменттин жаңы жетекчилигинин толук кандуу иш алып бара албай жатканынын белгисиби?