Республикада 9-сентябрда комуз күнү белгиленет. Буга утурлай ордолуу Ош шаарында 500 гө чукул музыка чеберлери комузда кол ойнотуп, «Маш ботой» күүсүн чертишти.
Ошондой эле «Алымбек-Датка» этнографиялык комплексинде өнөр адамдары атайын флешмоб уюштурушкан. Ага музыканттардан тартып, жогорку окуу жайлардын студенттери, музыкалык мектептин окуучулары, театр жана филармониядагы өнөрпоздор чыгарма аткарышты.
Уюштуруучулардын билдиришинче жалпысынан комуз күнүн белгилөө үчүн 1000ге чукул адам тартылган.
Бул күнгө утурлай жер жерлерде күү чертүү боюнча музыкалык кечелер уюштурулат.