Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган талапкерди социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкууга алууда. Өкмөт башчы Билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковду жетекчи кылгысы келет. Бирок өкмөт башчынын бул тандоосу коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштап, аталган мекемеге жаш, иш билги кадрдын келүүсү маанилүү экенин айтып чыгышты. Деген менен аны колдоого алгандар дагы жок эмес.
Исаков буга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалап келген. ОшМУну ал дээрлик сегиз жыл башкарган.
Социалдык түйүндүн колдонууучулары өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтө да башташты. Айрыкча буга чейин Билим берүү министрлигин башкарган ЖКнын мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев менен педагог, эксперт Алмаз Бейшеналиевдин атын атагандар басымдуулук кылууда.
Бирок соцтармактарда колдоого ээ болгондорду өкмөт тандаган жок. Ошентип азырынча Билим берүү тармагынын жетекчилигине жалгыз Каныбек Исаков талапкер.
Абылгазиев Исаковдун талапкердигин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. Эрежеге ылайык келерки аптада парламенттин тиешелүү комитеттери бул маселени карап, эгер колдоо тапса ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Айта кетсек, Каныбек Исаков 1969-жылы Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айылында туулган.