Пятница, 22 ноября

Айрым айылдарга кар жаады

0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу республиканын айрым аймактарында калың кар жаады.
Тагыраак айтканда Талас облусуна караштуу Талды — Булак айылында кар оор түшкөн. Жергиликтүү тургундардын «kyrgyz.news» сайтына билдиришинче Талды –Булак айылы тоолуу аймак болгондуктан бул кадимкидей эле көрүнүш. Аталган айылдын жашоочулары негизинен картошка өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен жан багышат. Учурда дыйкандардын картошкалары кар алдында калган. Эми тургундар кардын ээришин күтүп, андан кийин гана түшүм чогултууга киришишет. Айрым учурларда бул кыштакта жай мезгилинде дагы кар жаап салат дейт жергиликтүүлөр.
Белгилей кетсек кар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жана Нарын облусуна караштуу Кочкор районуна дагы 10-сентябрга караган түнү жааган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз