Кыргыз тилинин туулган күнүнө арналган илимий иш чарада Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз тилин өнүктүрүп, анын жок болуп кетишине жол бербеш үчүн интернет айдыңындагы маалыматтарды эне тилинде жайылтуу маанилүү экенине токтолду.
«Жаштардын дээрлик 80 пайызы маалыматты дүйнөлүк желеден алышат. Бирок биздин жаңылыктар тилекке каршы орус тилинде кеңири жайылууда. Мындан улам келечек муун бизге кыргыз тилдин эмне кереги бар деген түшүнүк менен жашап калышы ыктымал»,- дейт Жаманкулов.
Маалыматка ылайык, эгерде кайсы бир тилдин колдонуучулары 100 миңге жетпесе, ал тилдин жок болуп баратканынын белгиси болот. Дүйнөдө 8ге жакын тил глобалдык тил катары пайдаланылат. Алардын сап башында англис, кытай, орус тилдери турат.