«Бир белекти тартуула, экинчисинен сактан» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, элдик ырым-жырымга ишенсек, айрым буюмдарды белекке берүүгө такыр болбойт экен. Албетте, ырым-жырымга ишенбеген адамдар да бар, ошентсе да окуп коюу кызык болсо керек.
1. Бычак
Бычак, кайчы жана башка кырка турган, кесе турган буюмдарды ар бир адам өзүнө өзү сатып алуусу керек. Анткени, бул буюмдарга терс энергиялардын чоң бөлүгү топтолуп алган. Эгер таанышыңыз бычак, же кайчыны белекке сунуп, кабыл алышыңызды суранса, анда жөн албай, куру дегенде символикалуу сумма берип, сатып алган өңдөнүңүз.
2. Саат
Бул буюм убакытты санайт. Бир караганда начар нерсе деле жоктой, бирок, сааттар кээде жылбай токтоп калышат. Ошондуктан, саатты бактылуу жашоону соңуна чыгарып койбосун деген ырым менен белекке беришпейт. Беришсе дагы ал үчүн беш-он сом болсо да акы алымыш болуп коюшат.
3. Капчык
Белекке бош капчык алсаңыз, акча ийгилигиңизди колдон чыгарып жиберүү коркунучуна кептелишиңиз мүмкүн. Белекке берген адам жаңы капчыкка жок дегенде бир сом салып коюшу керек. Ичи бош болсо, мындай белектен баш тартканыңыз оң.
4. Жүзаарчы
Бир катар улуттардын маданиятында адам каза таап, сөөгүн акыркы сапарга узаткан зыйнатында жүз көрсөтүп келгендерге жүзаарчы берүү салты бар. Ошондон улам бул буюмду көз жаш жана кайгыга байланыштырып коюшкан. Демек, белек боло албайт…
5. Бермет
Айрым мамлекеттерди мекендеген калктын түшүнүгүндө бермет жесирдин жана жетимдердин күчтүү күйүтүн билдирет. Ошондуктан, аны белекке берүүгө батынышпайт.
6. Күзгү
Күзгү – абдан мистикалык буюм, андыктан, аны оңой эле белекке берип, же кабыл алуу мүмкүн эмес. Ал адамдын сулуулугун, жаштыгын жана жашоо энергиясын тартып алат деп эсептелинет. Айрыкча, антиквардык күзгүлөрдөн сак болуу керек.
7. Кол кап
Кол кап менен адамдын өздүгүн талкалоочу көптөгөн магиялык ырым-жырымдар байланышта болот. Аны белекке берүүгө болот, бирок, белекти алган адам да сизге кол кап бериши керек. Эки тарап бет маңдай жолугушуп, кол каптарды көзмө көз алмаштырып алышса терс таасири тийбейт.