Пятница, 22 ноября

Эл өкүлдөрүнүн өкмөткө тили өтпөдү

0

Эл өкүлдөрүнүн өкмөткө тили өтпөдү «Кыргызалтын» ААКсынын төрагасы Алмаз Алимбековду көрүү айрым депутаттарга жагымсыз болду.
Жогорку Кеңештин жылуулук-энергетикалык комплекс жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кожобек Рыспаев менен Бактыбек Турусбеков аталган комитет «Кыргызалтындын» төрагасын кызматтан кетирүүнү өкмөткө эчак эле тапшырганын эске салышты.
«Биз анын ишмердүүлүгүнө баа берип, кызматтан бошотууну чечкенбиз. А бирок бул жерде отурат. Моралдык акысы барбы?» — деди депутат Бактыбек Турусбеков.
Кожобек Рыспаев да четте калбай Алимбековдун ката жасаган иштерин тизмеледи. Ал төраганын жыйынга катышканына нааразы болду. Белгилей кетсек, комитеттин мурунку жыйынына Алимбеков катышкан эмес жана бул Рыспаевди ачууланткан.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттар сунуш гана бере алаарын, а кимди кызматтан кетиришти министрлер кабинети чечээрин белгилеп жооп кайтарды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз