20-сентябрда Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө жана айлана чөйрөнү коргоодогу келип чыккан көйгөйлөргө коомчулуктун жана бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу максатында эл аралык акция өтөт.
Бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнө жана айлана чөйрөнү булгоого каршы жаштар кыймылы билдирүү таратты.
Буга чейин “GreanPeace” эл аралык уюму бардык жер шаарынын жашоочуларын көчөгө чыгып, планетаны коргош үчүн биригүүгө чакырган.
Бишкектеги тынчтык эл аралык жүрүш Жеңиш аянтында саат 14:00дө башталып, Жогорку Кеңеш тарапка бет алышат. Уюштуруучулар климаттын өзгөрүшүнө кайдыгер карабаган бардык жарандарды активдүүлүк көрсөтүүгө чакырышат.
Алар акцияны өткөрүү үчүн алдын ала Бишкек шаардык мэриясынан уруксат алышканын билдиришти.