Понедельник, 20 мая

Түркияда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата сый кече өткөрүлдү

0

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги сый кече өткөрдү. Кече Анкара шаарындагы ири отелдердин биринин чоң залында болду. Ага Түркиянын министрлери, кеңешчилери, бул өлкөдөгү башка мамлекеттердин элчилери жана дипломаттары, түрк жергесинде окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар, медиа өкүлдөрү катышты.

Кечеге келген коноктор элчи Кубанычбек Өмүралиевдин жубайы Айнура Омокеева кийген кыргыздын улуттук кийимине суктанууларын жашырышкан жок.

“Бул майрам өлкөбүздөгү эң негизги майрам. Кыргыз элинин туруктуулугун, кайраттуулугун даңазалайт. Эркиндик -ата-бабаларыбыздын каны менен кошо айланып, жаны менен бирге жашап муундан муунга жеткен улуу дөөлөтүбүз”, — деди элчи Кубанычбек Өмүралиев.

Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмед Бухари Касап уулу катышты. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 28 жыл толушу менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктап: “Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп Түркия тааныган. Өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошууга даярбыз”, — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз