Пятница, 22 ноября

Атамбаевдин тарапташтарынын талабы Аскер прокуратурасында каралат

0

Башкы прокуратура мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевге, “Альфа” атайын кызматтын жетекчилигине жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге карата кылмыш ишин козгоону талап кылган кайрылууларына жооп кайтарды. Белгилей кетсек, кайрылууга эки миңге жакын адам кол койгон. Алар 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуянын негизинде аталган аткаминерлерге кылмыш иши козголушу керектигин белгилешкен.

Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматында болуп өткөн окуядагы киши өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык жана бейбаштык фактылары боюнча сегиз сотко чейинки өндүрүш бар экенин билдирди.

Анда белгиленгендей, окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш жазык кодексинин “Киши өмүрүнө кол салуу”, “Киши өлтүрүү”, “Барымтага алуу”, “Массалык башаламандыкты уюштуруу” жана “Бейбаштык” беренелери боюнча шектелген 12 адам кабардар кылынган. Соттун чечими менен алардын баш коргоо чарасы каралып, абакка кармалышкан жана үй камагына чыгарылышкан. Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине ылайык келген факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул иштин фигуранттары Курсан Асанов жана Дамирбек Пайзылла уулу.

“ИИМ жана УКМКнын жооптуу кызматкерлеринин аракети тууралуу жамааттык кайрылуу Аскер прокуратурасына ачылган кылмыш иштеринин алкагында каралууга жиберилди. Ага юридикалык баа берилет”, — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Ал эми болуп өткөн окуяда жарандардын жаракат алганы тууралуу маалыматты ИИМдин тергөө кызматы текшерет.

Эске салсак, мурдагы президент Атамбаев учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ага бир катар оор беренелер боюнча айып тагылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз