Пятница, 22 ноября

КСДПнын мүчөлөрү Аскер прокуратурасына чогулушту

0

Аскер прокуратурасынын имаратынын жанына КСДП партиясынын мүчөлөрү чогулушту. Алар аскер прокурору Нуркамал Набиевге жолугуу үчүн келишкенин билдиришти.

Бирок пропуск берүүчү жайда отурган кызматкер бүгүн жарандарды кабыл алуу күнү эместигин айтты. Депутат Ирина Карамушкина: “А депутатты кабыл алабы?” – деп сурады эле, кызматкер оң жооп кайтарды.

“Жок дегенде депутат кирсин”, — деди партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева КСДПнын офисине кире албай жатышканын, бул боюнча Аскер прокуратурасына расмий кайрылуу калтырышканын, бирок эч кандай жооп болбогонун билдирди.

“Биз жумушчу орунубузга кирүүгө уруксат бергиле дегенбиз. Кайрылууну өндүрүшкө алышыптыр. Бирок бизге эч кандай жооп беришкен жок. Эгер офиске кирүү мүмкүн болбосо анда партия жарандарды так ушул жерден кабыл алабыз. Андан башка жол жок”, — деди төраганын орун басары.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз