Учурда 500гө чукул жаран үйү жок көчөдө калды. Буга айрым курулуш компаниялар күнөөлүү экенин депутат Дастан Бекешов айтып чыкты.
Бекешовдун билдиришинче республикадагы курулуш компаниялардын басымдуусу мыйзамды бузуу менен иш алып барып адамдарга алдоо жолу менен үйлөрүн сатып, натыйжада аларды үй менен камсыз кылбай же акчасын кайтарып бербей келишет.
«Мамлекет алдангандарга көңүл бурбай жатат, албетте бул жеке компаниялар менен адамдардын ортосундагы маселе. Ошондой болсо дагы биз карап отура бербей көйгөйдү чечүүгө кол кабыш кылышыбыз зарыл», — деди эл өкүлү.
Эскерте кетсек, республика боюнча 80ге чукул курулуш компаниясы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.