Пятница, 22 ноября

Текебаев аракетин баштады

0

Өмүрбек Текебаев укук коргоо кызматына орусиялык ишкер Алексей Модинге карата арыз жазды. Саясатчынын айтымында арызы кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
«Мен Алексей Модин жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчиликке тартылышын талап кылам», — деди Текебаев.
Ал белгилегендей орусиялык ишкердин берген көрсөтмөсүнүн баары калп. Аны саясатчы далилдеп бере алат.
«Модин жалган жалаа такканы үчүн жазасын алышы керек. Бул өч алуу эмес, акыйкаттыкты орнотуу аракети», — дейт «Ата Мекен» партиясынын лидери.
Эске салсак орус жараны Алексей Модин Өмүрбек Текебаевге жана Чотоновго тагылган айып боюнча күбөлүккө өткөн. Дагы бир башкы күбө Леонид Маевский да Россиянын жараны.
Айрым Текебаев менен бетме бет келтирилип суракка алынуусу мүмкүн.
Бул Текебаевдин абактан чыккандан кийин биринчи аракети болду. Ал эркиндикке чыкканда эч кимден өч албай турганын билдирген. Бирок айрым эксперттер саясатчынын мындай билдирүүсүнө шектенүү менен карашкан. Алар Текебаевдин саясатка жаңылыктарды жаратышы мүмкүндүгүн божомолдошкон. Ал толук кандуу реабилитацияланса кескин кадамдарга баруу ыктымалдыгы да айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз