Пятница, 3 мая

Күттүрбөй жааган кардын кесепети

0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшү мал чарбачылыгы менен алектенген чабандарга түйшүк жаратты. Чүй облусунун Жайыл районунда 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамырдын аймагындагы Тегерек-Кайың, Сандык, Сулуу-Төр, Арамза жайлоолорунда чабандар мал жандыктары менен кыштакка түшө албай калып калышканы айтылган.
ӨКМдин тараткан маалыматына ылайык жайлоодогу чабандар 10-11-сентябрь күндөрү көчүрүлүп келинген. ӨКМ кызматкерлери алгач адамдарды андан соң алардын буюм — тайымдарын алып келишкен. Куткаруу иштери бүгүн дагы улантылып жатканын аталган мекемеден билдиришти.
Ушундай эле көрүнүш Нарын облусунун айрым райондорунда орун алган. Чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМдин 5 куткаруучусу жергиликтүү тургундар менен биргеликте кечке маал бир чабанды мал жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен түшүрүшкөн. Калган чабандарды көчүрүп келүү бүгүн дагы улантылаары кабарланды.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда дагы 9-сентябрь күнү аба ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал жандыктары менен калып калышкан. Бүгүн, 12-сентябрда чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер жана «Тез жардам» кызматынан 1 кызматкер тартылып, 5 чабанды мал жандыктары менен коопсуз жайга жеткиришти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз