Дүйнөлүк Париж келишимине 2015-жылы кол коюлганы менен Кыргызстан ушул күнгө чейин ага мүчө эмес. Депутат Экмат Байпакбаевдин пикиринде буга Тышкы иштер министрлиги күнөөлүү. Алар келишимди ЖКнын кароосуна жеткирүүгө тоскоолдук кылып келишкен.
“Париж келишимин ратификациялоо менен өлкө бекер каражат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок биз ЖЭБке, жол салууга жана башка тармакка пайыздык насыя каражат алуу долбоорлорун бир добуштан колдоп келебиз. Ал эми бекер каражат берем дегендерди алгыбыз келбейт”, -дейт депутат.
Париж келишиминин алкагында кошуна мамлекеттер дээрлик милллиарддаган каражаттарды алып, климатты жакшыртууга жумшап келет. Бул уюмга КМШ мамлекеттеринин ичинен Орусияны эске албаганда бир гана Кыргызстан мүчө боло элек.
Бир катар депутаттар токой чарба агенттигинин ишин сынга алып, жашыл климаттык фонддун алкагындагы каражаттарды тартуу зарылчылыгын белгилешти. Ошондой эле абанын булганышына алып келген автоунаалар менен маршруттук таксилер боюнча экологиялык долбоорлорду Жогорку Кеңештин кароосуна алып келүүнү сунуш кылышты.