17-19-сентябрда Ош шаарында Түрк тасмалар жумалыгы өткөрүлөт. Иш чарага Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги көмөк көрсөтүп, ТҮРКСОЙ уюму жана Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоого алган.
Белгилей кетсек Ош шаары жергиликтүү ой-пикир коому тарабынан Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору болуп жарыяланган.
Түрк тасмалар жумалыгында тасмалар акысыз көрсөтүлөт жана Түркияны таанытуу станды орнотулуп, брошюралар таратылат.Ошондой эле түрк жеринен келген режиссерлор, актерлор жана продюсерлер менен Кыргыз кинонун өкүлдөрү жолугушуп, маектешүүлөр жүрөт. Аны менен катар кино сүйүүчүлөр менен да жолугушуулар уюштурулат.
Түркиянын Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат Түрк тасмалар жумалыгы Бишкекте жыл сайын өткөрүлөөрүн белгиледи жана 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору болуп жарыяланган Ош шаарында да бул иш-чара өткөрүлүп жатканына сыймыктанаарын жашырган жок.
Ошондой эле элчи Женгиз Камиль Фырат кызматташтык үчүн Түркия жана Кыргызстандын Маданият министрликтерине, ТҮРКСОЙ уюмуна, Ош мэриясына, Жергиликтүү ой-пикир коомуна жана колдоо көрсөткөн бардык фирмаларга ыраазычылык билдирди.