17-19-сентябрда Ош шаарында боло турчу Түрк тасмалар жумалыгы иш чарасынын алкагында түрк элинин бир катар атактуу актерлору кыргыз жерине келишет.
Белгилей кетсек эки элдин ынтымагын бекемдөө жана маданиятын тааныштыруу максатында түптөлгөн Түрк тасмалар жумалыгына Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги көмөк көрсөтүп, ТҮРКСОЙ уюму жана Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоого алган.
Иш чарага Түркиянын кыргыз элине да таанымал сериалдарында көрүнүктүү каармандардын образын жараткан актерлер келээри маалым болду. Алар — Сезгин Эрдемир (Актер – “Дирилиш Эртугрул” сериалы) жана Эдип Зейдан (“Дирилиш Эртугрул” сериалы). Ошондой эле актриса Вилдан Атасевер, продюсерлер Йешим Кожаман менен Ахмет Эдебали Ош шаарынын коногу болушат.