Белгилүү ырчы Бек Борбиев жакында эле орусча ыр жаздырганын жар салды. Ырчынын билдиришинче алар Амир Аскаров менен бирге «Ла ла ла» деген аталыштагы жаңы чыгарма жаратышкан.
Бул туурасында Аскаров дагы маалымдап, социалдык тармактарда ырды толугу менен YouTube каналына жүктөгөнүн жана ал көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табаарына ишенээрин жазган.
Белгилүү болгондой Амир Аскаровдун ырларынын басымдуусу орус тилинде, ал эми Бек Борбиев буга чейин кыргыз тилинде гана ырдап келген.
Бек Борбиев белгилүү эстрада ырчысы, анын чыгармаларын жаңы чыгып келаткан ырчылардын басымдуусу аткарып келет. Анткен менен анын акыркы жылдары калк арасында абройу кескин түшүп кеткени байкалган. Буга анын Кыргызстандын мурдагы качкын президенттеринин бири Курманбек Бакиевдин туулган күнүндө Белорусияга барып ырдаганы себеп болгон.