Кытай бийлиги мечиттерди жана мунараларды жок кылууга киришти. Бул тууралуу Independent жазды.
Анда айтылгандай Хэнань, Ганьсу провинцияларында, Ички Монголия районунда жана Нинся – Хуэйск автономиялуу районундагы мечиттер буздурулган. “Кытайдагы кичи Мекке” деп аталган Линься шаарынын жанындагы айылдагы куполдор менен мунаралар да жарактан чыкты. Ал жерде Кытайдагы мусулман калкынын басымдуу бөлүгү — хуэй жашайт. Андан сырткары бийлик Юньнань провинциясындагы үч мечитти жаап, өлкө боюнча араб жазмаларын колдонууга тыюу салды.
Июнда Кытай бийлиги мусулман уйгурларды лагерлерде кыйноого алуу тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган. КЭР ТИМинин башчысынын орун басары Чжан Ханьхуэ лагерлерди “билим берүүнүн жана кесип тандоонун борбору” деп айткан.
2018-жылдын август айында БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча комиссиясы Синьцзян-Уйгур автономиялуу райондогу лагерде этникалык азчылыктын миллиондогон өкүлдөрү кармалып жатканын жарыялаган. Ал жерде адамдарды “тарбиялап”, революциялык ырларды ырдоого, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин идеялары менен таанышууга, кытай тилинде сүйлөөгө мажбурлашат.
Ал эми расмий Пекин мындай лагерлерди аймактардагы террористтик аракеттердин алдын алуу деп билдирет. Ошол эле учурда кайра тарбиялоо лагеринен өткөндөр ал жакта адамдар кыйноого кабылаарын айтышат.