Бул Кыргызстандагы алгачкы беш жылдыздуу дүйнөлүк бренддеги отель болот. Иш чарага президент Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Женгис Камиль Фырат катышат. Ошондой эле бул ачылышка түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын уулу да келгени айтылууда.
Sheraton жаңы беш жылдыздуу отели Бишкектин көркүнө көрк кошуп, чет өлкөлүк туристтерге ыңгайлуу жайга гана айланбай, 300 адамга ылайыкталган жумуш орундарын да түзөт. Ошондой эле отель инвестициялык жагымдуулукту арттырат.
Отелдин ачылышында бизнес-форум да өткөрүлүп, ага Түркиядагы жол, турак-жай, оорукана, билим берүү мекемелерин куруу жаатындагы 11 ири инвесторлор катышат. Форум КР Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу Агенттигинин колдоосу менен уюштурулат.
Эске салсак, отелди куруу аракеттери 2018- жылы башталган. 4-декабрда Бишкекте Marriott компаниясынын вице-президенти Ивица Цацык менен Bishkek Park соода – көңүл ачуу борборунун түптөөчүсү, инвестор Айдын Мыстачоглу келишимге кол коюшкан. Кол коюу салтанат менен коштолуп, ага туризм жана маданият министри Азамат Жамангулов, Бишкек мэри Азиз Суракматов, инвестицияны тартуу жана коргоо боюнча Агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу, Түрк Республикасынын элчиси Женгис Камил Фырат катышкан.
Отелдин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр дээрлик эки жылга созулганын айтышат.
Bishkek Parkтын, азыр эми Sheraton отелинин да түптөөчүсү болгон Айдын Мыстачоглу Sheraton Bishkek комфорттун борборуна айланаарын, ички жана сырттан келген конокторго дүйнөлүк деңгээлдеги мейманкана сервиси менен жагымдуулук тартуулай турганын белгилеген.
Sheraton Bishkekтин өкүлдөрү Кыргызстан туризм үчүн ыңгайлуу өлкө экенин айтышат. Мындай отелди ачуу мыкты инфраструктуралардын бирине айланат да, бул өз кезегинде туристтердин жана инвестициянын агымынын көбөйүшүнө өбөлгө болоорун билдиришкен.
Отель Bishkek Park борборунун имараттарынын биринде жайгашкан. Анда “стандарт” категориясындагы 183 номер, андан тышкары комфорттуулукка басым жасалган стандарт, люкс жана хандык апартаменттер бар. Ошондой эле 1000 адамга ылайыкташкан конгресс-зал, конференц-зал, жыйналыш залы, SPA-борбор жана фитнес-борбор, бар жана ресторандарды да табууга мүмкүн.
Чет өлкөлүк жарандардын агымы күчөп жаткан маалда Бишкекте беш жылдыздуу отелдин ачылышы олуттуу тапшырма болгону айтылды.
Маалымат иретинде
Sheraton – бул эл аралык ири отелдер тармагы. 1937-жылы түптөлгөн. Ээси — Marriott International компаниясы. 2016-жылга чейин Starwood Hotels and Resorts Worldwide компаниясына таандык болгон.
2015-жылга карата Sheraton тармагы жалпы 156 400 бөлмөлүү 446 отелге жетишкен. 11 отель Starwood Hotels and Resorts Worldwide компаниясынын жеке менчиги, калгандары франчайзинг укугунда. Four Points by Sheraton компаниясы 36 800 бөлмөлүү 210 отелди кошкон.
