Бишкек шаарынын тургундары 29-сентябрда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган иш-чарага катышат. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Бул күнгө утурлай борбор калаада 23-30-сентябрга чейин “Өзүңдүн кан басымыңды текшер” деген аталыштагы акция старт алды.
Бардык каалоочулар атайын ачылган бөлүмдөрдөн өзүнүн кан басымын текшертип, медицина кызматкерлеринен кеңеш ала алышат. Мындан тышкары жарандарга кан басымдын көтөрүлүп кетүү коркунучунун алдын алуу, бул оорууга алып келүүчү факторлор туурасында маалымдамалар таркатылат.
Бардык кабыл алуу түйүндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин иштейт.
Кан басымды текшерүү түйүндөрү:
Бишкек шаарынын мэриясы, КТРК
Октябрь району:
Октябрь райондук администрациясы, «Beta Stores — 2», «Глобус», «Космопарк» соода борбору, «Бишкек» соода маркети, Орто-
Сай базарындагы Калкты тейлөө борбору.
Свердлов району:
Свердлов райондук администрациясы, «Айпери» дүкөнү, «Дордой
Плаза» соода борбору, «Аю Гранд», «Мегакомфорт», «Глобус», «Народный», кичи маркеттери «Чынар», «Чолпон», Аламедин базарлары.
Биринчи май району:
Биринчи май администрациясы, «Азиз» базары, «Фрунзе», Күрөңкеев атындагы музыкалык мектеп, КР Социалдык фонду, Шекер соода түйүнү.
Ленин району:
Ленин райондук администрациясы «Глобус», «Бишкек парк», «Фрунзе», «Азия Молл», «Народный», «Берекет Гранд», «Солнышко» дүкөнү, Ош базары.