Мамлекет башчысы арзан электр энергиясы, 190 миллионго жакын адам жашаган ЕАЭБдеги мүчөлүгү, ВСП+ статусуна ээ болушу, бизнес-омбудсмен институтун түзүү сыяктуу Кыргызстанга инвестициялоонун башка дагы артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Президент мамлекет Кыргызстандын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну максат кылганын белгиледи.
«Өлкөнүн транзиттик дараметин пайдалануу үчүн транспорт инфраструктурасын жакшыртабыз. Автомобиль жана темир жол байланыштарын кеңейтебиз, авиаташуулар рыногун өнүктүрүп, соода-логистикалык хабдарды түзөбүз. Инвесторлор кызыга турган чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Туризм багытында да чогуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды, анын ичинде этти, кургатылган жемиштерди, балды, жаңгак жана төө бурчакты экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Алар Түркиянын рыногунда өз ордун табат деп ишенебиз. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүнү ишке ашыруудабыз. Түркиянын маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетишкендиктерин эске алуу менен, бул тармак түркиялык достор үчүн кызыгуу жаратат деп ойлойм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы түрк ишкерлерин жогоруда аталган тармактарга инвестиция салууга чакырды. Кыргызстанда инвестордун активдери жана жеке менчиги кол тийгис, буга Кыргыз мамлекети толук кепилдик берерин белгиледи.
Ал ошондой эле Бишкек шаарында дүйнөлүк атагы бар Шератон мейманканасынын ачылып жатышы өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков «Шератон» мейманканасынын негиздөөчүсү, бизнес-форумдун уюштуруучуларынын бири Айдын Мыстачоглуга бул долбоорду ишке ашырганы жана кыргыз-түрк экономикалык мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк бизнес-форуму жаңы тармактарда кызматташууга жана өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берип, өз ара пайдалуу инвестициялардын көлөмүнүн өсүшүнө кошумча түрткү болорун жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Эске салсак бүгүн Бишкектеги алгачкы эл аралык деңгээлдеги беш жылдыздуу Sheraton отелинин бет ачаар аземи өтүүдө. Анын алкагында бизнес-форуму болду.