Жогорку Кеңешти таркатуунун — эч кандай себеби жок. Мындай пикирин ЖК депутаты Айнуру Алтыбаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. Эл өкүлү муну айтуунун өзү жоопкерчиликсиздик экенин, анткени парламентти алдыда 2020-жылдын Республикалык бюджетин кабыл алуу, күз-кыш мезгилине даярдыктар сыяктуу көп жумуштар күтүп тураарын айтты.
“Кээ бир адамдар Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатышы туурасында ушакты атайын таратып, коомчулуктун башын айлантып жатат. Парламенттин туруктуулугу өлкөдөгү бардык бийлик бутактарынын негизи болуп эсептелет”, — деди ал.
Ошондой эле Алтыбаева шайлоого орточо эсеп менен 500 миллион сом коротулаарын, республикалык бюджетте кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүгө каражат каралбаганын кошумчалаган.