Кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырдын чыныгы себеби башка болушу мүмкүн. Бул туурасында вице-премьер министр Жеңиш Разаков журналисттерге билдирди.
Жеңиш Разаков: “Чырдын себептери башкабы деген ой –пикирлер болуп жатат, кандай шектенүү экенин айта албайм, анык себеби тергөө амалдары аяктагандан кийин билинет”, — деди.
Буга чейин Лейлек районундагы чек арадагы окуянын чыгышына тажик тараптын такталбаган тилкеге курулуш иштерин баштаганы себеп болгону айтылган. Вице-премьер министрдин бүгүнкү билдирүүсү көптөгөн суроолорду жаратууда. Анткен менен чек ара маселесине байланышкан отурумдар жабык өтүүдө.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек ара маселесин жабык эшик артында карады.