Воскресенье, 19 мая

Түрк элчилиги кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоодо

0

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жубайы Василики Фырат кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүн өткөрүшөт. Бул тууралуу Түрк элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда “Интерьерге сейил” аталыштагы көргөзмө 27-сентябрда саат 18:00дө элчиликтин имаратында болот. Анда кыргыздын таанымал таланттуу сүрөтчүлөрү Жылкычы Жакыпов менен Талант Огобаевдин кыл калемине таандык сүрөттөр илинет.

Көргөзмө элчиликтин пландаган маданий иш чараларынын алкагында үч күнгө уланат. Анын максаты – кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин Түркияга жана Кыргызстанга таанытуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланышын арттыруу болуп саналат.
Жылкычы Жакыпов 1988-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү. Республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын негизги эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм музейинде, Москвадагы Третьяковский галареясында, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү жана чет өлкөлөрдөгү музейлерде сакталып турат.

Талант Огобаев таланттуу, коомдук турмушка активдүү аралашкан сүрөтчү катары таанымал. Анын эмгектери да Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм музейинде, Третьяковский галареясында, чет өлкөлөрдүн музейинде сакталган. СССРдин Күмүш медалынын ээси.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз