Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы министри Каныбек Исаков ант берди. Ал бүгүнтөн баштап өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришти.
Ант берүү аземине мамлекет башчы да катышты.
“Каныбек Исаковго чоң жоопкерчилик тагылып жатат. Министрдин берген антын так аткарып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы иштейт деп ишенем”, — деген Сооронбай Жээнбеков Исаковду жаңы кызматы менен куттуктады.
Ошондой эле президент Исаковго тагылган жооптуу иште ага колдоо керектигин белгиледи:
“Бул министрликтин дарегине абдан көп сын айтылат. Билим берүү сапатына , китептердин басылышына, дагы көп нааразычылыктар бар. Октябрдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга жогорулайт. Билим берүүгө кошумча каражат бөлүнөт. Бирок билим берүү системасы ойдогулай жакшырбай жатат. Мунун баары министрликтин жетекчилигинен көз каранды. Жаңы министр алган жоопкерчилик чоң. Анын бул жаатта тажрыйбасы көп, университетте иштегенин билесиздер. Бирок баары бир мынчалык көп ишти өзү жалгыз аткара албайт. Биз жалпылап колдоо көрсөтүшүбүз керек. Билим – элдин келечеги. Бийликтин бардык бутактары бул кемчиликти оңдоп, деңгээлди көтөрүүсү керек”, — деди президент.
Эске салсак мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева Нарындагы контейнер-мектептин чуусунан улам өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна буга дейре Ош мамлекеттик университетин жетектеп келген Каныбек Исаков дайындалган.