Пятница, 22 ноября

Карамушкина Токон Мамытовдун короосуна таш ыргытты

0

Балдар акыйкатчысы эмне менен алектенип жатканы белгисиз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди. Ал Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө сын такты.
“Анын штатында өзүнчө бөлүм – балдар акыйкатчысы бар. Бирок анын эмне менен алектенип жатканы белгисиз. Жасаган ишинин дайыны жок. Ушул жылдын башынан бери балакатка жете элек балдарга зомбулук көрсөтүү 42 жолу катталды, а өспүрүмдөрдүн өзүнө өзү кол салуусу 45ке жетти, алардын 26сы бала, 19у кыз”, — деди депутат.
Депутат балдардын укугун коргоп аларга жардам берүүнүн ордуна бийлик төбөлдөрү кимдин кандай бизнеси бар деген саясий бычып-ченөөгө гана өтүп алганын белгиледи.
“Андай болсо биз акыйкатчылык боюнча мыйзамды эмнеге кабыл алдык?” – деген суроо узатты Карамушкина.

Ошондой эле депутат айым Кой-Таш окуясында жабыркагандарга акыйкатчы кол сунбаганына нааразы болду.
“Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуулдан карапайым жарандар да жабыркашты. Алардын саны 2 миңге жетет. Бирок акыйкатчы эч кандай чара көрбөдү. Дежур жооптор менен гана кутулуп кетти. Мурдагы чекистти акыйкатчылыкка дайындоо жаңылыштык болгон”, — деди эл өкүлү.
Эске салсак Токон Мамытов өткөн жылдын сентябрь айынан бери акыйкатчы болуп иштеп келатат. Ал депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен шайланган. Бир жума мурда депутаттар анын бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча докладын кабыл алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз