Акүй АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн стенограммасын жарыялады. Бул сүйлөшүүгө АКШ президентине импичмент жарыялоо процедураларынын башталышы себеп болгон. Стенограмма АКШнын президенттик администрациясынын сайтына жарыяланды.
Анда Трамп Украинанын башпрокуроруна АКШнын мурдагы вице-президенти Джо – Хантер Байдендин уулунун украиналык газ компаниясына байланышкан ишин иликтөөнү сунуштаган. Зеленский жаңы дайындалчу башпрокурор бул ишти карай турганын билдирген.
“Ал бул кырдаалды, тагыраагы сиз атаган компанияга байланышкан ишти иликтейт”, — деген украиналык лидер.
АКШ өкүлдөрүнүн палатасынын спикери Нэнси Пелоси максаты өлкө президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо болгон расмий процедураны ишке киргизүү боюнча чечимди жарыялады. Ал Трамптын аракеттери улуттук коопсуздукка чыккынчылык кылганын далилдээрин билдирди.
Трампка импичимент жарыялоо боюнча активдүү талкууга анын чет өлкөлүк лидерлердин бири менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жем таштаган. Кийинчерээк ал чет өлкөлүк лидер Украинанын президенти Владимир Зеленский экени белгилүү болгон.
Белгилей кетсек президенттердин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө аталган Джо Байден Трамптын алдыда болчу президенттик шайлоодогу башкы атаандашы.