Суббота, 23 ноября

Өкмөт өрт өчүргүчтөрдүн командасына айланды

0

Өкмөт өрт өчүргүчтөрдүн командасындай иштеп жатат. Мындай пикирин депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Айтымында өкмөттө стратегия да, узак мөөнөттүү пландар да жок. Бирок кээде таң калыштуу идеяларды көтөрүп чыгышат.
Депутат айткан сөзүнө мисал катары Улуттук хирургия борборун өзүн өзү каржылоого өткөрүү демилгесине токтолду жана аны туура эмес деп тапты.
“Мындай кылуудан алыс болуу керек. Бул борборго өлкөнүн бардык тарабынан оорулуулар келишет, өтө оор дартка чалдыккандар да, аны менен катар аз камсыз болгон жарандар да бар. Улуттук борбор өзүн өзү каржылай баштаса оорулуулар акы төлөйт, анда анын жеке менчик ооруканалардан айырмасы эмне?” – деди ал.
Наталья Никитенко өкмөттүк саат өткөрүп, аймактарды өнүктүрүү иштеринде, бардык тармактарда кандай алгылыктуу иштер жасалганын Мухаммедкалый Абылгазиевдин өз оозунан угууну сунуштады.
Белгилей кетсек өкмөт айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн өзү каржылоого чыгаруу долбоорун иштеп чыккан. Бул пилоттук долбоордун алкагында улуттук госпиталдын офтольмология бөлүмү, Органдарды трансплантациялоо жана жүрөк хирургия илим изилдөө институту, ошондой эле Улуттук хирургиялык борбору тандалып алынган. Өзүн-өзү каржылоого өткөрүү менен аталган медициналык борборлордогу дээрлик бардык кызматтарга акы төлөнүп калат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз