Россияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которуу көлөмү кескин түшүп кетти. Быйыл өткөн жылдын 5 ай аралыгына караганда 200 млн доллар каражат аз которулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында орусиядагы мекендештердин акча которуусун 500 доллар, жанында алып келүүсүн 300 доллар менен чектеп коюшуптур. Ал Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан мындай чектөөлөрдүн коюлганы туура эмес деп эсептейт.
«Эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө иштегени менен Кыргызстандын өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жатышат. Алар жыл сайын бир жарым миллиард доллардан ашуун каражат которуп келет. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү жана калк турмушунун жакшыруусу үчүн зор салым. Ошондуктан, чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан мекендештерибизге мигрант катары эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек», — деди депутат.
Ошондой эле, өкмөт баарына макул болуп, унчукпай отура бербей тезинен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай көйгөйдү чечиши керектигин баса белгиледи.