Суббота, 23 ноября

Орой мамкызматкерлерди окутуш керек

0

Мамлекеттик кызматкерлер жарандарга качан жылуу мамиле жасай баштайт. Же алардан муну сөзсүз сатып алышыбыз керекпи? Мындай пикирин депутат Дастан Бекешов парламенттеги жыйында айтып чыкты.

Бекешов өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлер акча берген гана жарандарга жакшы мамиле жасап, калгандарын кагып-силкип, айрымдарына жооп дагы бербей коёрун белгиледи. Мындан улам өкмөттү дал ушул маселени чечүү багытында иш алып барууга чакырды.

“Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн жарандар менен иштешүү багытында семинарларды, окутууларды өткөрүп, аларды маданияттуу мамиле жасоого үйрөтүшү керек. Айрым бир мамлекеттик кызматкердин жарандарга жасаган орой мамилеси бүтүндөй бир мамлекеттин аброюна доо кетирет”, -деди ал.

Эскерте кетсек, айрым мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин жай тургундарга жасаган орой мамилеси туурасындагы маселелер буга чейин дагы парламентте көтөрүлүп келген. Ал тургай ошол эле парламенттин айрым депутаттары дагы катардагы кызматкерлердин кийген кийимине чейин асылып, аны жыйындан чыгарып жибергенге чейин барган учурлары кездешкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз