Воскресенье, 24 ноября

Шырдак, ала кийиз жасоону бекер үйрөнүңүз

0

Бишкекте 26-28-сентябрь күндөрү М.И. Фрунзе атындагы музейде кыргыздын кол өнөрчүлүк чеберчилигине таандык болгон шырдак жана ала кийиз жасоо боюнча мастер класс өтөт. Бул туурасында «kyrgyz.news» сайтына уюштуруучулар кабарлашты.

Мастер-класс ала кийиз менен шырдакты даярдоонун салттуу ыкмаларын илгерилетүү жана сактоо максатында уюштурулууда. Жети облустан чогулган кол өнөрчүлөр үч күн бою бардык каалоочуларга шырдак, ала кийизди жасоону көрсөтүп, семинарларды өтүп талкуу жүргүзүшөт.

Иш чара аудиториянын анын ичинде жаштардын кыргыз элинин маданияты менен байланышкан салттуу кол өнөрчүлүктүн ар түрдүүлүгү тууралуу көбүрөөк билүүгө шарт түзөт.
Мастер класстар ЮНЕСКОнун колдоосу менен уюштурулууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз