Ушул тапта Кой-Таш айылында Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтүп жатат.
Анда тургундар комиссиянын буга чейинки отурумдарына нааразы пикирлерин айтышууда. Ошондой эле жарандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ак иштегенин айтышып, азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков анын арты менен өлкөнү жетектеп калганын айтышты. Бул тууралуу “Kyrgyz.news” сайтынын кабарчысы жеринен билдирди.
Ал жерге Кой-Таш жана Арашан айылынын 100гө чукул жашоочусу чогулуп, комиссиянын курамынын ар бир мүчөсүнө нааразы пикирлерин айтышты. Ал тургай кээ бири “далдырбай-галдирбайлар чогулган, ишенбейбиз силерге”, — дегенге чейин барышты.
Айрым маалымат булактарына ылайык бул жерге атайын тандалган жарандар келгени айтылууда.
Өз кезегинде ЖК депутаты Бактыбек Раимкулов комиссия бул окуяны эки тараптуу караганага аракет кылып жатканын билдирди.
Мурдагы депутат Исмаил Исаков андагы жарандардын комиссия мүчөлөрүнө асылуусун, өздөрүн агрессивдүү алып жүргөндөрүн жагымсыз көрүнүш катары баалап, Кой-Таш элине 7-8-августтагы окуяны болтурбай коюуга болот беле деген суроо узатты.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атышуу орун алып анда бир адам окко учкан.