Пятница, 26 апреля

Ирактык күрттөр РККга каршы чыгышты

0

Ирактын Күрт демократиялык партиясы (КДП) РКК террор уюмунун өлкө аймагында иш
алып баруусуна чекит коюуга чакырды. “Духоктун Ямадия айылындагы, өзгөчө
Шиладизи жана Дирлок райондорундагы болгон окуя РККнын ошол аймакта мыйзамсыз
иш аракет жүргүзүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат”- деди КДП парламеттик
фракциясынын өкүлү Виян Сабри. Анын айтуусу боюнча, террористтер Ирактын эл
отурукташкан түндүк аймагынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп, адамдарды уурдап
атышат. Сабри: “РКК террордук уюмунун бул жерде болуусу аймактагы коопсуздукка
коркунуч туудуруп, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдүн жаралуусуна алып
келүүдө”- деп баса белгиледи. Ал, террористер Ирактын Күрт аймактык башкаруу
бийлиги тарабынан жергиликтүү калкка тынчтык демонстрациясын өткөрүүгө берилген
уруксаатынан пайдаланып, Түркиянын аскер базасынын жанында провакация
уюштурушкан деди. «РККнын күрт автономия аймагында иш алып баруусуна чекит коюу
керек. Анткени анын натыйжасында карапайым калк жапа чегүүдө» — дейт Сабри.
Жакында Түркиянын Улуттук коргоо министри кабарлагандай РКК террордук уюму
уюштурган провакация учурунда Ирактын Түндүк тарабындагы Түркия аскер базасына
кол салуу болгон. Чабуулдун жыйынтыгында автоунаа жана жабдууларга зыян
келтирилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз