Понедельник, 6 мая

Малканадай салынган Алайдагы мектеп

0

29-январда Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы мектептин
окуучулары түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди. 4-класстын окуучулары,
окуган классындагы мештен чыккан көмүр исине ууланышкан. Жалпы 22 окуучунун
абалы начарлап, Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган.
Мектепте адаттагыдай эле сабак өтүлүп жатканда, кечки саат 5тер чамасында
окуучулар өздөрүн жаман сезе башташкан. Айрымдарынын көңүлү айнып,
баштары ооруп жатканын айтышкан. Мектеп директору Нуржамал Арапбаева,
мештин эшигинин ачылып калганы ууланганга себеп болгон дейт.
Эски мектепте сабак учурунда көмүр исине ууланганы билинип, айылга жакын
жайгашкан райондук ооруканага жеткирилген. Медициналык алгачкы жардам
көрсөткөндөн кийин ал жердеги дарыгерлер облустук балдар ооруканасына
жөнөтүшөт. Үч бала дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Балдар менен
кошо аларды окуткан мугалими да иске ууланып, ооруканага түшкөн.
Облустук балдар оорукананын башчысынын орун басары Жыргалбек Кызыров,
окуучуларга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин абалдары жакшы жагына
өзгөрдү дейт. Ошондуктан эртеси күнү үйлөрүнө чыгарылганын билдирди. Учурда
өспүрүмдөрдүн абалдары жакшы. Бирок окууга барыша элек.
Жаңы-Алай айылындагы Самат Ашимов атындагы орто мектепте жалпысынан
500дөн ашуун бала билим алат. Билим уясындагы 15 каананын ар бириндеги
мешке өз-өзүнчө от жагылат. Айыл тургундары окуучулардын көмүр исине
ууланганынын себеби мектептин эскилигинде дешет.
Аталган орто мектеп – аймактагы эскилиги жеткен билим уяларынын бири. 1973-
жылы малчыларга сарай болуп курулган имаратта жалпы жылуулук системасы
жок. Бирок мындан 4 жыл башта жаңы мектеп куруу демилгеси көтөрүлүп, анын
курулушуна 45 млн сомдук долбоор жазылган. 2015-жылы 3 млн.у бөлүнгөн, бирок
мектепке жерпай казылгандан кийин курулуш токтоп калыптыр. Буга чейин Өзгөчө
кырдаалдар министрлиги аталган "мектеп авариялык абалда" деген корутунду
чыгарып берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз