Вторник, 26 ноября

Бабанов качтыбы?

0

Экс-депутат Өмүрбек Бабановдун жакында Москвага “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев менен Москва шаарына учуп кеткени белгилүү болгон. Партиянын катчылыгы бул сапар эмнеге байланыштуу экенин ачыктаган эмес.

Бирок коомчулук Бабановдун кетиши боюнча ар кандай божомолдорду айтып кызуу талкууга алышты. Айрымдар анын саясаттагы кадамына чекит коюлганын белгилешсе, кээ бирлери Бабанов качып кетти дегенге чейин барышкан. Мына ушундай пикирлердин көптүгүнөн Бабанов соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жолдоду.

“Менин персонама активдүү кызыгып жаткан бардык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем. Мен ички жана сырткы сапарларга чыгууга аргасыз кылган өз иштерим менен алек болуудамын. Эч кимден эч кайда качпаганымды жана эч убакта качпай турганымды баса белгилейм. Өзүңүздөр билгендей мен тергөө органдарына күбө катары айтылган убакта барып жаттым, аным менен аларга деталдарды түшүнүүгө жардам берип жана өзүмдүн ак экениме ынандыра алдым дейм. Менде эки жакка чыгууга чектөө жок. ошондуктан иштерим боюнча кеттим, албетте Кыргызстаныма кайтып келем”, — деп жазган экс-депутат кайсы өлкөгө кеткенин ачыктаган эмес.
Бабанов Кыргызстанга эки жылга жакын убакыттан кийин 9-августта кайтып келген. Аны бул жактан бир нече кылмыш иштери “тосуп” алган. УКМКга президенттик шайлоо алдында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда чакырыгы үчүн сурак берсе, Финполицияга “Кыргызстан” банкынын ишмердүүлүгү боюнча суроолорго жооп бергенге туура келген. Коомчулук анын мекенине кайтышын саясаттагы кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн болушуна байланыштырышкан. Ал турмак Бабанов Кыргызстандын жаңы премьер-министри болот деген божомол да пайда болгон. Саясий серепчи Игорь Шестаков саясатчы алгач кылмыш иштерине байланышкан кырдаалды жөнгө чечип алуусу маанилүүлүгүн белгилеген.
“Мен Бабановду революционер эмес, саясатчы деп эсептейм. Анын депутаттык ишмердүүлугү кандайдыр бир революциялык процесс менен коштолгон эмес. бирок Бабанов парламентке шайлоо алдындагы иштер менен алектенсе керек. Менин көз карашымда ал өз мүмкүнчүлүгүн реалдуу баалай билген саясатчы, ошондуктан өкмөткө иштегени барбайт, андан көрө шайлоо алдындагы кампания менен алектенет”, — деген саясат талдоочу коомчулуктагы божомолдорго жооп кылып.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев Текебаев менен Бабановду бириктирип, күчтүү оппозицияны жараткысы келген. Ал учурдагы бийликтин эки жылдык ишмердүүлүгүндө Атамбаев жана коррупция менен болгон күрөш биринчи орунга чыгып, экономикалык өсүш токтоп калганын белгилеген. Экономикалык өсүштү жаратуу үчүн системаны алмаштыруу зарылдыгын айткан саясат талдоочу бул үчүн Бабанов менен Текебаев бириксе күчтүү оппозицияга айланып, Атамбаев өстүргөн электоратты ынандыра алаарын божомолдогон.

Бирок Бабановдун капыстан кетиши бул божомолдорду жокко чыгаргандай болду. Айрым эксперттер саясатчынын убактылуу гана, Кыргызстанда калган ишкерчилигине байланышкан маселелер боюнча мекенине кайтып келгенин, анын бул жакта калуу планы болбогонун айтышууда. Же экс-депутатты көп сандаган сурактар чоочуттубу?

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз