2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого мамлекеттик казынадан 1 миллиард 200 миллион сом каралат. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында келерки жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө 7 миллиард бөлүнөт. Ушул эле жылы элди каттоо иш чаралары башталат. Ага бюджеттен 240 миллион сом каралат.
Мындан тышкары Абылгазиев укук коргоо органдарына 2,3 миллиард бөлүнөөрүн, кино тармагын өнүктүрүп, тасма тартууга дагы акча каралганын кошумчалады.