Вторник, 26 ноября

Кыргыз- казак чек арасында атышуу болду

0

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар-автоунаажолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунда ок атышуу коштогон окуя болгону айтылууда.

Анда белгиленгендей бүгүн саат 03:00дө чек ара кызматынын кызматкерлери абага ок чыгарышкан. Азырынча болжолдуу маалыматтарга караганда УКМКнын кызматкерлери аталган пунктун кызматкерин кармоо үчүн ыкчам иш аракеттерди жүргүзүшкөн. Ал эми жергиликтүү тургундар буга каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам укмкчылар менен жарандардын ортосунда кагылышуу болгон.

Окуя кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынганын Бишкек ШИИБи тастыктады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз