Вторник, 26 ноября

Малахов маселеси. Орус бийлиги да жооп берди

0

Россиянын Тышкы иштер министрлиги теле алыпбаруучу Андрей Малаховдун “Россия 1” телеканалындагы “Прямой эфир” көрсөтүүсүндө кыргызстандыктардын дарегине айтылган терс билдирүүсү тууралуу пикир билдирди. Ал мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Анда орусиялык ТИМ Кыргызстандагы элчилигинин өкүлүн Кыргызстандын ТИМи Малаховдун билдирүүсүн талкуулоо максатында чакырганын төгүнгө чыгарды. Орус тараптын версиясы боюнча элчиликтин өкүлүн бул сүйлөшүү үчүн эч ким эч кайда чакырган эмес. Кыргыз дипломаттары менен жолугушуу алдын ала пландалган болчу жана жолугушууда Малахов темасынан башка да маселелер талкууланган. Ошондой эле орус ТИМи болуп өткөн окуя эки тараптын мамлекеттер аралык мамилесине тиешеси жоктугун белгилеген.

“Андрей Малаховдун көз карашы – бул журналисттин көз карашы, окуяга жеке пикири. Кыргызстандын Москвадагы Элчилигине журналистке жооп кылуу жолдорун Россиянын ММКлар тууралуу мыйзамынан издөөсүн сунуштайбыз”, — деген Россиянын ТИМи.

Андрей Малахов буга дейре орусиялык басылмалардын бирине маек берип, “айтканын кыргыздар туура эмес түшүнүп алганына” капаланганын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз