Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү аталды. Бул туурасында Сууда сүзүү федерациясы кабарлайт.
Петрашов Индиянын Бангалор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында сууда сүзүү боюнча бардык атаандаштарын артта калтырып алтын медаль тагынган. Азия чемпиону 200 метр аралыкта биринчи келген.
Мындан тышакры Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтинг боюнча биринчи оруна чыкты. Бир катар эксперттер мындай жыйынтык Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган рейтингинде белгилүү болгон.
Айсулууга дүйнө мыктысы наамы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен келди.
Эскерте кетсек Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп Дүйнө чемпиону аталган. Ага президент тарабынан 3 бөлмөлүү батир белек кылды, ошондой эле ага ай сайын 75 миң сом өлчөмүндө каражат берилип турат.