Вторник, 26 ноября

7 күн. Жумабековдун орусча сүйлөй албаганын шылдыңдагандар Малаховду сындады

0

Бул жумада соцтармактагы кыргызстандык колдонуучулардын башкы темасына айланган бир нече окуя болду. Бабановдун кеткенин, Малаховдун айтканын жана Дастан Жумабековдун орусча сүйлөгөнүн кызуу талкууга алып жатып калдык. “Kyrgyz.news” сайты жума ичиндеги окуялар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеров менен маектешти.

-Спикер Дастан Жумабековдун Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык иш чарада орусча сүйлөгөнү бул жумадагы соцтармактагы талкууну баштап берди. Спикердин орус тилинде толук кандуу сүйлөй албаганын “Кыргызстанды уят кылды” деп баалагандар да болду. Сиздин оюңузча спикер орус тилин билүүгө, бул тилде эне тилиндей сүйлөөгө милдеттүүбү?

— Спикер Жумабеков орус тилинде сүйлөдү. Орус тили анын эне тили эмес. Эгер Жумабеков кыргыз тилинде доклад жасаса, албетте мындай жемеге кабылбайт эле. Анын кыргыз тилинде түш жооруй турганы айдан ачык. Керек болсо «Манастан» да үзүндү айтып бериши мүмкүн. Мындай депутаттардын колунан келет дегендей «Манас» айта албаса да, өз сөзүндө ага шилтеме кылып, элдин көөнүн өзүнө бура алмак. Бул турган иш. Англис тилинде эң мыкты сүйлөйт деген саясатчылар деле ал тилди өтөөлүнө жеткире биле бербейт. Алар деле аңгемелешип жаткан учурда ката сүйлөшөт. Бирок көпчүлүгүбүз англис тилин билбегендиктен анын ката сүйлөп жатканын байкабайбыз. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери орусиячыл саясатчылар Москвага жагалданып жатып Кыргызстанда орус тилин билбеген киши маданияты төмөн киши катары кабылданып калган. Ошондуктан биз бири-бирибизди аңдып, ким каерден ката кетирет деп күтүп турабыз. Анан ката кетирээри менен баса калып, талап, жемелеп жатып калабыз. Улуу элдерде адеп — өз эне тилин билип, аны кадырлап, өз маданиятынын улуу экендигин даңазалайт. Бизде болсо башка элдин тилин билип, анан өзүн маданияттуумун деп коомчулукка өзгөчө көрүнгүсү келет. Мына ошондуктан спикер докладды орусча окугандыгы үчүн төө бастыда калды. Бирок бул күнөө же кылмыш эмес. Спикер докладды орус тилинде окуп, оз оюн билдирди. Ал орус тилин билүүгө милдеткер эмес. Ал Манастын тилинде сүйлөгөндүгү үчүн күнөөлүү болбойт.

-Бул жумада Бабановдун кайра чет өлкөлөрдүн бирине кеткени маалым болду. Аны качып кетти, коркту деп да чыгышты. Кыргызстандан кеткенин саясаттан кеткенинин белгиси катары карагандар да бар. Чын эле президенттикке мурдагы талапкер саясаттагы кадамын токтоттубу?

— Ал саясаттан убактылуу кетиши ыктымал. Бабановдун натурасы ошондой. Ал бирде албууттап чоң кадамдарга барууга бел байлайт. Бирде артка кетенчиктеп, өтө жоошуркап, таскагын жайлатып калат. Бабанов Акаевдин бийлиги кулагандан кийин деле Айдар менен “ажырашып”, Максим менен “кол кармышып” кеткен да. Бул жөнүндө көп эле жазылган. Бакиевдердин мезгилинде деле Бабанов алар менен тил табышып ат үстүндө жүргөн. А бүгүн Бабанов акыл калчап, артка чегинүүнү туура көрүп жатат. Анткен мене, учуру келгенде кайра эле көк бууданды токунуп, чоң саясаттан көрүнүшү мүмкүн. Бирок кандай гана болбосун Бабанов биринчи кезекте саясатчы эмес, ал — бизнесмен. Бизнес менен саясатты бирдей алып жүрүүгө аракеттенет. Бирок андай кылуу өтө татаал болгондуктан айрым учурларда артка чегинүү тактикасын колдонууга мажбур болуп жатат. Бул өңүттөн алганда Бабановду качып кетти деп айтуу туура эмес.

-Орусиялык теле алыпбаруучу Андрей Малахов да кыргызстандыктардын сынына кабылды. Тышкы иштер министрлиги, Россиядагы элчилигибиз дагы бул боюнча аракеттерин жасашты, пикирлерин билдиришти. Катардагы бир теле алыпбаруучунун айтканына ушундай реакция жасоо керек беле?

-Чындыгында Малаховдун айткан сөзү да, ал көрсөтүүсү да толук былжырак болуп калды. Алдын ала жыйынтык чыгаргыдай ал тергөөчү эмес да. Айтканы менен акырын залды кыргызстандык жаранга каршы тукуруп койду эле залдагылар да бул заказдык кылмыш деп чыгышты. Албетте ал кыргызстандыктардан кечирим сурашы керек. Орус жана кыргыз элинин мамилелери Малаховдун бир көрсөтүүсү менен бааланбайт. Эки элдин ортосундагы мамилелер мамилелер бул чоң тарых, бүтүндөй бир тарыхый эпоха.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз