Жакында эле колдонууга берилген “Ынтымак” паркында түнү чоң экрандан эротикалык эпиозддору бар кино көрсөтүлүп жатканын маалымат каражаттары жазып чыкты. Киного күбө болгондор видеого тартып интернетке жарыялашты. Жашыл Бишкекти кайтаруу максатын койгон бийлик көк асман алдындагы эс алуу жайларын көбөйтүү максатында ачкан, ачылыш аземине президент катышкан паркта мына ушундай көрүнүштөр болуп жатыптыр. Бул айласыздан Кыргызстандагы орто мектептерде хиджабчан окуучуларга башка планетадан келгендердей эле мамиле жасалып жатканын эске түшүрдү.
Ар бир жаңы окуу жылынын башталышы сөзсүз түрдө кайсы бир мектептин жетекчилиги жоолук салынып мектепке келген окуучу кыздарга каршылык көрсөткөнү менен коштолот. Бул жылы мындай көрүнүш Алай районундагы Эшкул Мырзаев атындагы орто мектепте болду. Мектеп директору хиджабчан кызды жоолугун чечүүгө мажбурлаганы коомчулукка чыккан. Сабак учурунда жылаңбаш отуруп, жоолугун танаписте салынсын деген директордун видеосу да жарыяланган. Буга дейре да жоолукчан кыздарды мектепке кабыл албаган ызы-чуу далай болгон. Адамды диний ишеними үчүн жектебеш керек деген жана мектеп жоолукчандар үчүн эмес деген кайсы пикирлердин ээлери эки жаат болуп сөз менен чабышканга чейин барышкан. Ошол учурда өткөн жылдын февраль айында Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча билдирүү таратып, маселеге акыркы көз карашын жарыялаган. Анда айтылгандай “республикада диний институттарга тоскоолдук жок, бирок билим алуунун светтик түрүндө хиджаб жамынуу каралган эмес”. Министрлик орто мектептерге бир өңчөй форма киргизилгенин белгилеп, ага ылайык ар бир окуучу — эркек балдар ак жекте, кара шым, кыздар ак кофта, кара юбка, же шым кийүүгө милдеттүү экенин айткан.
Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгүн ислам динин кармангандар түзөт. Ислам дини ыймандын башаты экени белгилүү. Мектеп жашындагы кыздардын ыйманга берилип, эрте күнүнөн адал жашоо чыйырына түшкөнүнүн эмнеси жаман? Бирок бийлик өз тандоосун жасады. Хиджабчан окуучу кыздардын укугун тебелеп, “же жоолук, же билим” дегенге жетти. Анысын Кыргызстан светтик өлкө экени менен түшүндүрдү. Жоолукка келгенде кыйкымчыл тарап шаардын ортосундагы паркта ачыктан ачык эротикалык тасманын көрсөтүлүп жатканына жол бергени кызык болууда. Же светтик өлкө жоолукка каршы, порного жакын болобу? Порно көрсө көрсүн, иши кылса жоолук салынбасын деген абалга өттүкпү?