Мьянманын Аракан штатындагы мусулман-рохиньяларга зомбулук жасагандар жана алардын укугун тебелегендер дүйнөлүк коомчулуктун алдында жооп берет. Бул тууралуу Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина БУУнун Нью-Йорктогу Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында билдирди.
Анын пикиринде Мьянманын бийлиги мусулман-рохиньялардын Араканга коопсуз кайтып келиши боюнча так саясий эркин жарыялашы керек.
“Бир дагы мусулман-рохинья үйүнө кайтып келише элек, анткени Мьянмада Аракан штатына коопсуздук орнотула элек”, — деди Хасина.
Ал ошондой эле Мьянманын 1982-жылы кабыл алынган “Жарандык тууралуу” мыйзамын жокко чыгарууга чакырды. Айтымында аталган мыйзамга ылайык мусулман-рохиньялар бул өлкөнүн жарандары болуп эсептелинбейт. Айтымында 2017-жылдын август айында зомбулуктун айынан Аракандан качып чыккан жүздөгөн мусулман-рохиньялар эки жылдан бери Бангладештин аймагында жашап келишет.
Мьянманын түндүгүндөгү Аракан провинциясындагы кол салуулар 2017-жылдын август айынан тартып күчөгөн. Мындан улам өлкөнүн гуманитардык абалы кескин начарлаган. 1970-жылдардан тартып аталган өлкөдөгү мусулман-рохиньялар кол салууларга, зомбулукка жана этникалык тазалоого үзгүлтүксүз дуушар болушат. Мьянмадагы эки миллионго жакын мусулмандардын 80 пайызы коңшу өлкөлөрдөн башпаанек алышты.