Среда, 24 апреля

Түркия опко туруудабы?

0

Бул өлкөдө 1980-жылдарда экономикалык реформа башталып, бүгүнкү күндө түрк ички рыногу дүйнөгө ачык болуп саналат. Калкынын саны. 2018-жылы 83 489 653 кишиге жеткен. Жыл ичинде болжол менен 1 382 881 кишиге өсүү болгон. Мүнөздөмө. ЭАВФ «Ѳнүгүп бараткан өлкө» деп мүнөздөсө, дүйнөлүк экономисттер, саясатчылар «Жаӊы индустриалдык» өлкөлөрдүн тобуна кошушат.

Экономика. Учурда Түркиянын экономикасындагы кызмат көрсөтүүнүн үлүшү – 51%, өндүрүш – 28%, айыл чарбасы – 15%, курулуш – 6%ды түзөт. Кайра иштетүү, текстиль, тамак-аш, фармацевтика, булгары иштетүү, химия, металлургия, энергетика, автомобиль жана кеме куруу, турмуш-тиричилик буюмдарын иштеп чыгуу тармактары бир топ өнүккөн. Автомобиль өндүрүшү боюнча Европада 6 орунду ээлейт. Дүйнөгө белгилүү болгон FIAT, Ford, Toyota, Renault, Opel, Honda, Hyundai, Mercedes-Benz, MAN маркаларындагы автомобилдер, жергиликтүү өндүрүшкө тиешелүү болгон BMC жана Otokar  автомобилдери жыйналат жана запастык тетиктери өндүрүлөт. Транспорт жана байланыш. Мыкты жолго коюлган. ИДПнын 15% берет. Ѳлкөдө 20 аэропорт бар.

Айыл чарбасы. Айыл чарба продуктыларынын дээрлик көп түрүн өндүрөт жана экспорттойт. Эли эмгекчил деп саналат.

Экспорт. Экспорт жана импорттун көлөлөмү жыл сайын жогорулап өсүүдө. 2019-жылы Кыргызстан менен болгон соода алакасын 1 миллиард долларга көтөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Туризм. 2018-жылы 35 миллионго жакын турист кабыл алышты. Быйылкы жылы туристтердин санын мындан ашырууга аракет жасалууда. ИДП. 2017-жылы – 7,4 % өскөн болсо, 2018-жылы АКШ менен солгундай түшкөн мамилеси жана экономикалык каатчылыктын айынан – 4,5 % гана өсүүгө жетишкен. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыра келсек АКШ ИДПсы – 2,3%, Иран ИДПсы – 4,3 % гана өсүүгө жетишкен. Номиналдык ИДП боюнча (2,320 миллиард доллар) дүйнөдө – 17, ИДПнын чоӊдугу боюнча (909,9 миллиард доллар) – 13- орундуу ээлеп келет. ОЭСРдин маалыматы боюнча 2012- 2017 жылдары түрк ИДПсынын орточо өсүүсү 6,7 % жетип, өсүү темпи боюнча Кытай, Сингапурдан кийинки 3 орунду ээлеген.

Мигранттар. Чет мамлекеттерде 1 миллион 200 миӊден ашуун түрк жарандары иштешет. Аскердик коргонуу. Акыркы 15 жылда аскер техникаларынын экспорту 7 эсеге өскөн. 2017- 2021-жылга карата стратегиялык план иштелип чыккан. АКШнын F-35 истребителин сатып алуудан баш тартып, Россиялык Су-57ни сатып алууга кам көрүүдө. Ошондой эле С-400 үлгүсүндөгү россиялык ракеталык системаны сатып алуу аракети менен НАТОнун жүрөгүн ордунан козгоду.

Геосаясат. Серепчилер бул мамлекеттин геосаясаты акыркы 20 жылда, анын ичинен 10 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөргөндүгүн белгилеп келишет. Түрк геосаясатында жаӊы өзгөчөлөнгөн белгилер жана приоритеттер пайда болду. Африка, Балкан өлкөлөрү, Орто Азия, Кавказ ж.б. өлкөлөр менен жылуу мамилелерди түзүп келет. НАТО блогунда болгондугуна карабай АКШ менен теӊ тайлашып, Россия бийлиги менен ымалалашып, өз бетинче бакубат саясат жүргүзүүгө жетишти. Россиядан аскердик техникаларды сатып алууга бел байлагандыгын буга мисал катары айтсак болот. Террорист, чыккынчы Ф. Гүленди кайрып берүүсүн талап кылып, АКШ бийлигине бир топ акарат айткандан тайманбады. Албетте, күчтүү саясат күчтүү экономика менен тыгыз байланышта. Бүгүнкү Түркия бардык
тарабынан өнүгүп бараткан өлкөгө айланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз